• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Сокулукта 12 жаштагы бала көлмөгө түшүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 28.05.18. /Кабар/. Бишкекке жакын жайгашкан Сокулук айылында 12 жаштагы бала көлмөгө чөгүп кеткен.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бала 26-майда Кайназаров көчөсүндөгү көлмөгө түшүп кеткен. Анын жакын туугандары издөө иштеринде көмөк көрсөтүүнү суранып, куткаруучуларга кайрылышкан.

27-майда эртең менен окуя болгон жерде издөө иштери башталып, баланын сөөгү табылып, жакын туугандарына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий