• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 2437 шайлоо участкасы иш алып барууда

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерди шайлоодо 2437 шайлоо участкасы иш алып барууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдашкандай, Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарында жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Шайлоо күнү таңкы саат 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин уланат.

Күн мурун орун-жайдан тышкары 8167 шайлоочу добуш берди.

Бүгүн өлкө боюнча 2437 шайлоо участкасы ачылып, 27 327 шайлоо комиссиясынын мүчөсү ишке тартылды.

Ошол эле маалда жалпы 10 шайлоо участкасында аралыктан добуш берилүүдө.

БШКнын маалыматына таянсак, жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо үчүн шайлоочулардын жалпы саны 4 135 039, анын ичинде эркектер - 2 000 528 (48,38%), аялдар - 2 134 511 (51,62%) түзөт.

Ошондой эле өлкө боюнча аралыктан добуш берүү үчүн 9050 арыз түштү. Арыздардын 72%ы 18-35 жаштагы жаш шайлоочулардан келип түшкөн. Арыз бергендер арасында мамлекеттик органдардын жетекчилери, студенттер, аскер кызматчылары жана вахталык режимде иштегендер бар.

Жарандар шайлоо участогунун дарегин 1255 же 119 номерлерине чалуу аркылуу тактап же паспорттогу ПИН номерин жазып 119 номерине SMS жөнөтүү аркылуу текшере алат.
Жалпысынан 33 шаардык кеңеште 993 депутат жана 231 айылдык кеңеште 5391 депутат шайланат.

Шаардык кенештердин депутаттарын шайлоо партиялардын талапкерлеринин тизмеси боюнча жүргүзүлөт жана орундар шайлоочулардын добушунун 5% жана андан көпүн алган саясий партиялар арасында пропорционалдуу бөлүштүрүлөт.

Шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 39 саясий партия катышып, 4822 талапкерди көрсөткөн, орточо конкуренция ар бир орунга 4 талапкерден келип чыгууда.

Айылдык кенештердин депутаттарын шайлоо көп мандаттуу шайлоо округдарында жүргүзүлөт, ал жерден шайлоочулардын добушун көп алган талапкерлер жеңүүчү болушат. Бул учурда ар бир айылдык кенеште 30% орун аялдар үчүн резервде сакталат.

Айылдык кенештерге 9 996 талапкер катталды, орточо конкуренция ар бир орунга 2 талапкерден болуп жатат.

БШК шайлоочуларга партиялар жана талапкерлер жөнүндө маалыматты "Талапкер" маалыматтык ресурсу аркылуу таанышууну сунуштайт.

Аталган ресурстан шайлоочу партиялар жана талапкерлер жөнүндө толук маалыматты, партиянын жалпы маалыматын, шайлоо программасын жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылын биле алат.

Пикир

Оставить комментарий