• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда жети күндөн бери эл жана турак жай фондун каттоо уланууда

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда эл каттоо өнөктүгү активдүү уланууда. Анын натыйжасында, каттоого алынган респонденттердин катары өсүп жатат, - деп маалымдайт Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, каттоо өнөктүгү Бишкекте да жигердүү жүрүп жатат, азыркы тапта 60тан ашык инструктор-текшерүүчүлөр жана координаторлор иш алып бара турган бөлүмдөр кызмат кылышууда.

Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Мында калктын билим деңгээли, нике-үй-бүлөлүк түзүмү жана өлкөнүн этнолингвистикалык курамы жөнүндө маалымат бир гана жалпы эл каттоонун натыйжасында алынат.

Пикир

Оставить комментарий