• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда ЖККУнун машыгууларына даярдыктар көрүлүүдө – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 03.09.24. /Кабар/. Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларына даярдыктар көрүлүүдө.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, Балыкчы шаарындагы 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында ЖККУнун ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгуулары өтөт.

Иш-чара 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин үч этапта өткөрүлөт.

Эл аралык машыгууга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун катчылыгынын жана бириккен штабынын өкүлдөрү катышары айтылды.

Пикир

Оставить комментарий