КР КИМК аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы пандемия учурундагы иши тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 21.09.20. /Кабар/. 27-август күнү президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" Жарлыкка кол койгон.

Сыйлык алгандардын катарында КР Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскердик-медициналык башкармалыгынын башчысы, медицина кызматынын подполковниги Жоомарт Токторалиев да бар.

- Канчадан бери медицина тармагында иштеп келесиз?

- Мен окуумду Түркияда аскер-медицина академиясында баштагам. Ишимди Улуттук гвардияда атайын багыттагы бөлүмдүн медициналык пунктунун башчысы болуп баштадым. Андан кийин Улуттук гвардиянын борбордук аппаратынын медициналык пунктунун башчысы болуп иштедим. Андан соң Түркияда радиология жана нур диагностикасы адистиги боюнча квалификациямды жогорулаттым.

- Пандемия башталганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңар?

- Биздин негизги милдетибиз жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармектер менен камсыз кылуу, медиктерди даярдоо жана кайра квалификациялоо болгон. Кыйынчылык жугуштуу оорулар боюнча адистердин аздыгы, жалпы эле кадрлардын жетишсиздиги. Дары-дармектер боюнча маселе болгон жок. Биз алдын ала россиялык кесиптештерге байланышка чыгып, дарылоо алгоритмдери боюнча билим турдук. Ага байланыштуу биз даяр болуп, дары-дармектер сатып алынып турду.

- Азыр абал кандай?

- Учурда 2 госпиталь - Түндүк жана Түштүк госпиталдары кадимки тартипте иштеп жатат. Бизде жугуштуу оорулар бөлүмү бар.

- Бул сиздин биринчи сыйлыгыңызбы?

- Мурда Башкы штабдын II даражадагы "Аскер кызматындагы артыкчылыгы үчүн" грамотасын алгам. Ошондой эле УКМКнын төрагасы жана төрага орун басарынан грамота алгам.

Пикир

Оставить комментарий