• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

«Китеп-билим булагы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Билим 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Бишкекте №24 мектепте окуучулар арасында «Китеп-билим булагы» дилбаян сынагынын шаардык этабы өткөрүлдү.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, райондук этаптын жеңүүчүлөрү “Адамга эң кыйыны-күн сайын адам болуу” темасында кыргыз тилинде эссе, дилбаяндарды жазышты.

"Сынактын жеңүүчүсү жана гран-принин ээси Свердлов районунун №38 мектебинин 11-классынын окуучусу Байэл Бакытбек уулу жана анын мугалими Кушубекова Салима Кушубековна болду. Байэлге iPhone 11 смартфону жана мугалимине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилет", - деп айтылат маалыматта.

Калган шаардык этаптын катышуучулары №82 мектептин окуучусу Зарема Таласбекова, №87 мектептин окуучусу Сезим Өмүрбекова, №64 мектептин окуучусу Асия Тагай кызы жана №69 мектептин окуучусу Зейнеп Азамат кызы велосипед белекке алышса, алардын мугалимдерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо тапшырылат.

Белгилей кетсек, мэриянын билим берүү башкармалыгы 23-сентябрь - Мамлекеттик тил күнүнө карата окуучулар арасында «Китеп-билим булагы» сынагын өткөргөн. Сынактын райондук туру 15-сентябрда, ал эми шаардык туру 18-сентябрда өткөн.

Бишкек мэриясы жеңүүчүлөрдү жана алардын ата-энелерин, мугалимдерин жеңиши менен куттуктайт!

Пикир

Оставить комментарий