• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда ЖМК жана соцтармактарда жалган маалымат тараткандарга айып салуу сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдоо каражаттарын, интернет жана социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалымат тараткандарга айып пул салуу каралган "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Министрлик бул өзгөртүүлөр коомдук кызыкчылыктарды, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында сунушталууда деп белгилейт. Алардын пикиринде жалган маалыматтар көп учурларда коомчулукту дүрбөлөңгө түшүрүп, туура эмес маанай жаратуу менен коомдук тартипти бузулушуна алып келет.

Мыйзам долбоору маалыматтык чабуулдардын коркунучун азайтууга жана өлкөдөгү маалыматтык мейкиндикти тышкы коркунучтардан коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Ошентип, "Укук бузуулар жөнүндө" кодексин "Жалпыга маалымдоо каражаттарын, Интернет тармагындагы сайтта, Интернет тармагындагы сайттын баракчасында социалдык тармактарды колдонуу менен жалган маалыматтарды таратуу" мазмунундагы 1093-берене менен толуктоо пландаштырылууда.

Эгер бул өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынса маалымдоо каражаттарында, интернет сайттарда, сайттын социалдык баракчасында жалган маалыматтарды таратып, мыйзам бузган жеке жактарга – 1000 сом, юридикалык жактарга – 2000 сом өлчөмүндө айып пул салуу сунушталууда.

Пикир

Оставить комментарий