• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн коомдук унаалардын 82 айдоочусуна айыппул салынган

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бишкекте санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн коомдук унаалардын 82 айдоочусуна айыппул салынган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Автоунаа, суу унаасы жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлү агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Уланалы Абдраимов билдирди.

Анын айтымында, 27-майдан бери Бишкекте 2 миң 80 автобус, кичи автобус жана троллейбус текшерилген. Алардын ичинен 82 айдоочуга жана 6 юридикалык жакка (транспорттук компания) 87 миң сом айыппул салынган.

Пикир

Оставить комментарий