• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу тууралуу билдирген жарандарга сый акы берүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарга финансылык жактан дем берүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, мыйзам долбоорунда жол-транспорт бузуулары жасалган жерлерден фото, видео материалдарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү аркылуу укук бузууларды аныктоого көмөк көрсөткөн жактарды материалдык жактан сыйлоо сунушталат.

Жол кыймылынын эрежелерин бузганы үчүн айыппулу төлөнгөн учурда ар бир төлөнгөн айып пулдун суммасынан жеке жактарга 25%, ал эми юридикалык жактарга 50% төлөө каралат.

Пикир

Оставить комментарий