• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда жол коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.09.24. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн ички иштер органдарынын жетекчилерине өткөргөн онлайн кеңешмеде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маселелерге токтолуп, кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча талаптарды койду.

Ведомстводон маалымдашкандай, ошондой эле ал жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин баса белгиледи.

"Тез аранын ичинде айтылган кемчиликтерди жоюп, жергиликтүү бийлик, анын ичинде айыл өкмөттөр, айыл башчылар, тиешелүү мамлекеттик органдар, айдоочулар коому жана бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте алдын алуу иш-чараларын күчөтүп, жол кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтууну колго алыңыздар. Унаа кырсыктарын болтурбоо боюнча жылдын башынан бери бир катар тапшырмаларды айтып, көрсөтмөлөрдү бергенбиз. Андыктан, алардын барын аткарууга алып, иш жүргүзүңүздөр", - деди ИИМ башчысы.

Андан сырткары, Улан Ниязбеков ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековго ар бир кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарууга жооптуу экендигин так жеткирип, ишмердикти уюштуруу жана көзөмөлдү күчөтүүгө катуу көңүл бурууну тапшырды.

Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий