• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот

Кырсык 0

Бишкек, 12.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда катталып жаткан жол кырсыктарынын 92%ы айдоочулардын күнөөсү менен коштолот. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, кырсыктар төмөнкү фактылар менен коштолууда:

-каттуу ылдамдыкта айдоо;
-карама-каршы тилкелерге чыгуу;
-алдыдагы унаадан ашып өтүүдө, озуп өтүүдө же маневр жасоодо коопсуздук эрежелерин толук сактабоо;
-мас абалында унаа башкаруу;
-кууш, тар жерлерде айдоочулар бири-бирине жол бошотуп бербөө;
-унаа башкаруу учурунда уктап калуу.

ЖКККББ айдоочуларды өзүнүн жана өзгөлөрдүн коопсуздугу үчүн жолдо жүрүүдө эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий