• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда ЖОЖдордогу бюджеттик орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү

Билим 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин токтому менен 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына студенттерди кабыл алуунун адистиктеринин тизмеси жана көлөмү бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, токтомго ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миң гранттык орунга чейин көбөйтүлдү.

Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт:

- Билим берүү жана илим министрлиги – 7917 грант;
- Саламаттык сактоо министрлиги – 405 грант;
- Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206 грант;

Ички иштер министрлиги - 130 грант:

- Коргоо министрлиги - 125 грант;
- Тышкы иштер министрлиги – 20 грант.

Ал эми компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3900 гранттык орун бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 2023-2024-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий