• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарынын болжолдуу варианттары иштелип чыкты

Билим 0

Бишкек, 28.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 23-25-августунда Токмок шаарында башталгыч билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз билим берүү академиясы тарабынан USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Семинарга жумушчу топтун мүчөлөрү – КР Билим берүү жана илим министрлигинин, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү, ошондой эле мугалимдер жана эксперттер катышты.

"Семинарда аталган предметтердин концепциялары, предметтик компетенттүүлүктөр жана окутуу деңгээлдери боюнча билим берүүнүн натыйжалары талкууланды. Формативдик баалоонун ролун күчөтүү жана натыйжаларга багыт алуу менен байланышкан башталгыч мектептеги баалоого карата ыкмалар макулдашылды.

Семинардын жыйынтыктары боюнча стандарттардын болжолдуу варианттары ийине жеткирилгенден кийин башталгыч билим берүүнүн кайра каралып чыккан предметтик стандарттары министрликке тапшырылат",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата «Кыргыз тили жана адабияты», «Русский язык и чтение», «Математика», «Мен жана дүйнө» сабактары боюнча башталгыч мектеп үчүн предметтик стандарттардын болжолдуу варианттары иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий