• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда ЖРТнын жыйынтыгы менен эң жогорку упай 234тү түздү

Билим 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын абитуриенттери арасында 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку упай 234тү түздү.

Эң жогорку 234 упайды Бишкек шаарындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу – Аминат Гордаева, Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы жылдагы бүтүрүүчүсү – Максат Оморов жана Талас облусундагы “Мээрим-Себат” Талас эл аралык Кыргыз-Түрк кыздар лицейинин окуучусу – Элнура Эркинбекова алды.

"Алтын сертификат" алуу укугуна Бишкек шаарынан – 34, Чүй облусунан – 7, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 6, Жалал-Абад облусунан – 3, Нарын облусунан – 3, Талас облусунан – 2 жана Баткен облусунан – 1 окуучу ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий