• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстанда жумуртканы импорттоого коюлган чектөө алынат

Экономика 0

Бишкек, 30.08.24. /Кабар/. Кыргызстанда 3-сентябрдан тартып тоок жумурткаларынын импортуна киргизилген убактылуу чектөөлөр алынат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 5-июнунан тартып КР министрлер кабинетинин токтому менен Кыргызстандын аймагына тоок жумурткаларын алып кирүүгө тыюу салынган.

Бул чара ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана өлкөнү азык-түлүк жумурткалары менен камсыз кылууга багытталган. Убактылуу чектөө киргизилгенден кийин ата мекендик канаттуулар ишканалары тарабынан тоок жумурткаларын өндүрүү көбөйтүлгөн жана импорттук продукция менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулаган.

Канаттуулар ассоциациясынын кайрылуусунун негизинде 2024-жылдын 3-сентябрынан тартып Кыргызстандын аймагына жумуртка алып кирүүгө (импорттоого) киргизилген убактылуу чөктөөлөрдү алып салуу демилгеленди. Азыркы учурда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн тоок жумурткаларын өндүрүү абалы мурунку айларга салыштырмалуу кыйла жакшырды.

"Жергиликтүү өндүрүүчүлөр көлөмү жана баа саясаты боюнча импорттук продукциялар менен атаандашууга даяр. Бул калыбына келтирүүнү жана өндүрүштүк кубаттуулуктун жогорулашын жана рыноктун муктаждыктарын импорттук жумурткалар менен бирдей канааттандырууга даярдыгын көрсөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий