• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстанда жыл башынан бери 18 МТС уюштурулду

Экономика 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери жалпы 18 машина-трактордук станция уюшулуп, дагы 12 станция жыл аягына чейин ачылганы турат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Айыл чарба министрлиги айылдык товар өндүрүүчүлөргө өз маалында сапаттуу механизациялык кызмат көрсөтүү, лизингдин өнүгүүсүнө жагымдуу шарттарды түзүү, машина-трактордук паркты модернизациялоо жана жаңылоо максатында аймактарда агротехникалык кызмат көрсөтүүчү машина-трактордук станцияларды (МТС) уюштурууну колго алган.

Анын негизинде, республикада жалпысынан 160 МТС уюшулуп, алардын 56 муниципалдык, 104 жеке менчик ишканасы болуп эсептелет. Алардын карамагында 3500гө жакын айыл чарба техникалары бар. Ошондой эле 2024-жылы жалпы 18 МТС уюшулган жана жыл аягына чейин республиканын аймактарында дагы 12 МТС уюштуруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий