• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда жыл башынан бери 33 соцобъект пайдаланууга берилди – Орунтаев

Коом 0

Бишкек, 05.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 33 объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, курулушу бүткөрүлүп, ишке берилген объектилердин ичинде 17 мектеп, 2 бала бакча, 3 оорукана, 1 маданий объект, 5 спорттук жай, 3 таза суу курулушу бар.

“Биз 6 айдын ичинде 33 объектини бүткөрүп, пайдаланууга бердик. Былтыркы жарым жылдыкта 12 объект бүткөрүлгөн. 2022-жылы үч гана объект тапшырылган. Ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкө боюнча 64 соцобъект ишке берилгени турат”, - деди ал.

Орунтаев белгилегендей, республика боюнча быйыл 522 социалдык объекттин курулушуна жана капиталдык ремонтуна мамлекет тарабынан 6,2 млрд сом каралган. Капиталдык салымдар беренеси боюнча 3,5 млрд сом, мамлекеттик казыналык облигациялар боюнча 2,7 млрд сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий