• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда алгачкы жолу азык-түлүк өнөр жайынын «Food Expo Kyrgyzstan» көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында 11-13-апрелде эл аралык азык-түлүк өнөр жайынын «Food Expo Kyrgyzstan» көргөзмөсү өтөт.

“Ачык саясаттан” билдиришкендей, көргөзмөнүн экспозициясына Кыргызстан, Казакстан, Россия, Германия жана Италиянын азык-түлүк тармагында жана экологиялык жактан таза тамак-аш продуктуларын өндүрүүдө жаңы иштеп чыгууларга даяр 20 компания катышат.

Бирдиктүү көргөзмө аянтында төмөнкү иш-чаралар өтөт:

• “FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен азык-түлүк көргөзмөсү;

• “FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен азык-түлүк өнөр жайынын жабдууларынын көргөзмөсү;

• “FoodExpo Kyrgyzstan 2017” 1-эл аралык адистешкен коомдук тамактануу ишканаларын камсыздоо үчүн жабдуулардын, товарлардын жана тейлөө кызматтарынын “HorecaExpo 2017” көргөзмөсү;

• 1-эл аралык адистешкен таңгактоо продукциясын өндүрүү “UpackExpo Kyrgyzstan 2017” көргөзмөсү;

• 1-эл аралык адистешкен халал-индустрия “HalalFoodExpo 2017” көргөзмөсү.

Ошондой эле ,Кыргызстан үчүн дүйнөлүк жогорку деңгээлге жетишүү, айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү, азык-түлүк продуктуларын экспортоо жана импорттоо, каптарды, таңгактарды өндүрүү маанилүү экендигин белгилей кетүү зарыл.

FoodExpo 2017 көргөзмөсүнө Кыргызстандын азык-түлүктөрдү өндүрүү, чекене сатуу, дистрибьютордук ири компаниялары жана чет элдик уюмдар, коомдук тамактануу ишканаларынын (ресторан, кафе, бар ж.б.) топ-менеджменттери, ошондой эле азык-түлүк продуктуларын керектөөчүлөр катышуусу пландалууда.

«Food Expo Kyrgyzstan» көргөзмөсүнө катышуу жана колдоо үчүн КР Өкмөтүнүн аппаратынын өкүлдөрү, КРнын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, экспозицияга катышкан өлкөлөрдүн дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, Кыргызстан жан чет өлкөлөрдүн ири тармактык ишканаларынын менеджменттери, бизнес-структурасынан келишет.

Иш-чаранын уюштуруучусу - «BiExpo» компаниясы. Ошондой эле, КР Өкмөтү, Айыл чарба, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министрлиги, КР Экономика министрлигинин Инвестицияларды жана экспортту жылдыруу боюнча мамлекеттик агенттиги колдоо көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий