• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда жыл башынан бери 47 айыл чарба кооперативи түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.08.24. /Кабар/. 2024-жылдын сегиз айында өлкөдө жаңы 47 айыл чарба кооперативи түзүлүп, өндүрүшкө киришти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош облусунда – 5, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4 жана Нарын облусунда – 3 түзүлдү.

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча 741 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө 53 миң 127 га жерди иштетип, өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө. Анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 102 (31 миң 996 га);
  • Ысык-Көл облусунда – 65 (4 982 га);
  • Ош облусунда – 98 (3 988 га);
  • Жалал-Абад облусунда – 247 (4 712 га);
  • Талас облусунда – 85 (1 849 га);
  • Нарын облусунда – 66 (2 705 га);
  • Баткен облусунда – 78 (2 895 га).

Белгилей кетсек, министрлик айыл чарбасын кооперациялоо боюнча дыйкандарды окутуу, кеңеш берүү жана маалымат жеткирүү максатында 2021-жылдан тартып Түркиянын ТИКА агенттиги менен бирдикте К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин базасында маалыматтык-окуу борборун уюштурган. Аталган борборлор керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жыл сайын окуулар өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий