• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

В.Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында кызматташтык тууралуу бир катар документтерге кол коюлду

Коом 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Россия Президенти Владимир Путиндин катышуусунда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда кызматташтык тууралуу эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Төмөнкү документтерге кол коюлду:

  • КР Президенти А.Ш.Атамбаев менен РФ Президенти В.А.Путиндин биргелешкен билдирүүсү;
  • 2015-жылы 31-марттагы КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы Евразия экономикалык биримдигине кошулуу процессинин алкагында Кыргызстанга техникалык жардам көрсөтүү тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен РФнын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адамдын жыргалчылыгы чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматынын ортосундагы инфекциялуу ооруулар менен күрөшүү жаатындагы кызматташтык тууралуу меморандумга.

Пикир

Оставить комментарий