• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

"Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу муктаждарга даректүү түрдө жетпей келүүдө

Коом 0

Бишкек. 13.06.19 /Кабар/. "Үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу муктаждарга даректүү түрдө жетпей келүүдө. Анткени, калктын дээрлик 60% тиешелүү документи же бир жерде каттоосунун жоктугунан улам жөлөк пул албай келишет. Бул тууралуу тиешелүү жумушчу топтун мамлекеттик жөлөк пулдар мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелерди угуу учурунда айтылды.

Төраганын орун басары Аида Касымалиева Бишкек шаарындагы “Ак- Бата”, “Ак--Жар” конуштарына барып, жөлөк пул маселесине байланыштуу элдин пикирин укту.

Ал эми эл өкүлү менен чогуу барган эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров документ чогултуу милдети министрликке жүктөлүп, жакын арада электрондук негизде аткарылаарына токтолду. Бирок, ошол эле учурда бардык көйгөйлөр алардын гана министрликтин карамагында гана чечилбестигин дагы эскертип өттү.

Белгилүү болгондой эгерде үй-бүлөнүн кирешеси ар бир адамга эсептегенде 900 жүз сомдон ашса, анда алар жөлөк пул ала албайт.

Бул маселе боюнча Ош жана Чүй облустарында, ошондой эле Бишкек шаарында бир нече жолугушуу өткөргөнүн айткан Аида Касымалиева мыйзамдардын аткарышы боюнча элдин пикирин угуу аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү сунуштоо анын башкы максаты экенин билдирди. Мындай жолугушуулар жакында Нарын менен Ысык-Көл облустарында да уюштуруларын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий