• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жыл башынан бери 54 миңге жакын жаранга пенсия чектелди

Экономика 0

Бишкек, 24.10.23. /Кабар/. Социалдык фонд үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 53 миң 432 жаранга пенсия чектеди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде сентябрда 3 миң 864 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары, эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 730 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.

Пикир

Оставить комментарий