• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда жыл башынан бери 9 машина-трактордук станция түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 25.06.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери 9 машина-трактордук станция (МТС) түзүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен Чүй облусунда – 3, Ысык-Көлдө – 1, Таласта – 1, Баткенде – 1, Жалал-Абадда – 1, жана Нарын – 2.

"Быйылкы жылы өлкө боюнча жалпы 35 жеке жана мамлекеттик МТСтерди уюштуруу пландалууда жана азыркы учурда ушул багытта иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, КР министрлер кабинети жана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо жана айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн бир катар иштер аткарылууда.


2016-жылы МТС түзүү боюнча чечим кабыл алынгандан бери жалпы 151 МТС уюшулган. Анын 53ү муниципалдык, 98и жеке менчик болуп эсептелет. Аталган ишканалардын карамагында 3 миңден ашык айыл чарба техникалары бар.

Пикир

Оставить комментарий