• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жакындарын аэропортко узатып баргандар жана тосуп алгандар аэробекетке киргизилбейт

Коом 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. Жакындарын аэропортко узатып баргандар жана тосуп алгандар аэробекетке киргизилбейт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан белгилешкендей, "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору коронавирус COVID-19 жайылышын болтурбоо максатында аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеген.

"Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт. Мындай чектөөлөр жүргүнчүлөрдүн жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий