• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Эшикке чыкса болобу? Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалдын жол-жобосу

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. 2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилди. КР Өкмөтү бул чечимди Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин сунушу боюнча кабыл алды.

Шаар/айыл/районго кирип чыгуу;

Чектелүү. Негизги жолдордо санитардык-эпидемиялык посттор орнотулат.

Үйдөн чыкпай отуруу сунушталат, бирок негиздүү себеп болуп калса блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүп турууга мүмкүн. Блокпосттордон тоскоолдуксуз атайын унаалар (таштанды чогултуучу, инкасаторлор) жана жүктөрдү, азык-түлүктөрдү, элге керектүү товарларды, дары-дармектерди ташыган транспорттор гана өтүп турушат.

Атайын өткөрмө кагаздар болбойт. Шаардан сырткары туруп, бирок иши шаардагыларга карантин убагында аралыктан иш алып барып, же болбосо үйдө эле болуп туруу сунушталат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардын штабдары өзгөчө учурларды өз ара караштырып чечим чыгарышат.

Иш. Тыюу салынбаган тизмеге кирген ишкана ээлерине, аралыктан иштөө тартиби же иштеги кызматкерлердин санын кыскартуу сунушталат.

Билим берүү. Мектеп окуучулар 8-апрелге чейин таратылды. Окуучулар үчүн билим берүү жана илим министрлиги IV чейректеги окутууну аралыктан жүргүзүп жаткандыктан, учурдагы окубай калган күндөр жайкы эс алууга жылдырылбайт. www.edu.gov.kg сайтынан 1-11-класстын окуучулары тест жана окуу материалдары менен тааныша алышат. Бүтүрүү сынактары жана ЖРТ үчүн атайын өзүнчө ыкмалар берилет.

Мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалар жабылды. ЖОЖ менен колледждердин студенттери онлайн-окутууга өтүшөт. Чет жактан келип, үйлөрүнө кете албай калгандар жатаканада жашап билим ала беришсе болот. 3

— Ден соолук. Оорукана, бейтапкана жана амбулатория клиникалары кадимки иш тартиби менен иштей беришет. Эскерте кетүүчү жагдай, эгерде сиз өзүңүздү жаман сезсеңиз ооруканага баруунун кажети жок, болгону (112, 103, 118) номерлерин терип, байланышуу керек. Болбосо жергиликтүү медицина кызматтарына байланышуу зарыл.

— Эшикке чыкса болобу? Элдин айыл менен шаар ичинде жүрүүсүнө чек жок. Бирок ошого карабастан үйдө болуу сунушталат. Болгону ошондой жол менен гана вирустун жайылуусун токтото алабыз.

— Коомдук транспорт. 22-марттан баштап Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Көптөгөн жеке менчик маршруттук таксилер убактылуу ишке чыгышпайт. Башка коомдук автобус менен троллейбус багыттары иштей беришет.

— Соода-сатык. Ири соода-оюн зоок борборлору карантинге жабылды. Бирок ошол эле маалда өзгөчө абал маалында азык-түлүк жана дарыканалар кадимки тартипте иштей беришет. Кафе-ресторандар жеткирип берүү тартибинде гана иштешет. Азык-түлүк сатпаган базарлар, спорт залдар, басссейиндер, СПА, сулуулук салондору убактылуу жабылат.

— Мамлекеттик кызматтар. Өтө маанилүү деп эсептелген мамлекеттик ишканалар жана коммуналдык инфраструктуралар (электр, газ, жылуулук түйүндөрү ж.б.у.с) кадимкидей иштешет. Мамлекеттик жана муниципиалдык мекемелер жарандарды кабыл алууну чектешет

— Банктар. Көпчүлүгү ачык болот, бирок айрым бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыскартылып же бөлүмдөр толугу менен жабылышы мүмкүн. Негизи мындай учурда, онлайн-банкинг жана банкоматтарды пайдалануу сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий