Бишкек, 22.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда касыздандыруу компанияларынын кирешелери 1,4 эсеге өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Анын маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында республиканын экономикасынын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүздү. Алардын кирешеси 2023-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 1,4 эсеге өсүп, 3,8 млрд сомду түздү. Мында кирешелердин жалпы суммасынын 80%дан көбү келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен камсыздалды.
Ошондой эле 9 айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу компаниялары тарабынан 552 млн сом сальдолоштурулган пайда алынды, жана бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
Жыл башынан бери камсыздандыруу компаниялары тарабынан 959 миңге жакын камсыздандыруу келишимдери түзүлдү. Мында түзүлгөн келишимдердин дээрлик 93%ы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди. Ал эми ыктыярдуу камсыздандыруунун үлүшүнө 75%га жакыны туура келди.
2024-жылдын 1-октябрына карата түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруу суммасы өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу 10%га азайуу менен 1210 млрд сомду түздү. Камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүүсү мүлктү ыктыярдуу камсыздандыруу жана жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча белгиленди.
2024-жылдын январь-сентябрында 3,1 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрү келип түштү, бул өткөн жылдын январь-сентябрына караганда дээрлик 32% көп.
Жыл башынан бери 14,6 миң камсыздандыруу учуру белгиленди, алардын ичинен 53%га жакыны кокустан болгон кырсыктан жана оорулардан ыктыярдуу жеке камсыздандырууга, 28%га жакыны ыктыярдуу жеке медициналык камсыздандырууга туура келди. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн негизги суммасы чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандырууга (179,4 млн сомго көбүрөөгү) жана жеке медициналык камсыздандырууга (45,9 млн сомго жакын) туура келди.
Пикир
Оставить комментарий