Кыргызстанда жыл башынан бери сел сууларына байланышкан өзгөчө кырдаалдар 85% көбөйдү

Коом 0

Бишкек, 05.07.24./Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бери сел сууларына байланышкан 250дөй өзгөчө кырдаалдар катталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 85%га көп. 2023-жылы сел суулары менен байланышкан 36 өзгөчө кырдаал катталган.

“Мындай кырдаалдарда эң өкүнүчтүүсү жарандарыбыз каза болуп жатат. Суу ташкындарынан улам көз жумгандардын саны 17ге жетти. Жер-жерлерде жүздөн ашуун калктуу конуштардагы үйлөрдү, жер төлөлөрдү, ошондой эле бакчаларды, айдоо аянттарын суу каптаган”, - деди Мамбетов.

Министрдин орун басары белгилегендей, 28-июнда катталган катуу жаан-чачындын кесепетинен Абшыр-Ата айылынын Шаран-Сай сел өтүүчү сайы аркылуу сел суулары аккан. Анын кесепетинен 125 үйдү, бир бала бакчаны, бир мектептин короосун сел каптаган. 125 үйдүн ичинен үчөө авариялык абалга келгендиги аныкталды. 28 үйдүн жер төлөлөрүнө суу кирген. 25 баш ийри мүйүздүү малды, 15 баш кой-эчкини сел суулары агызган. 4 көпүрө жараксыз абалга келген. 10-15тей электр мамычалары кыйраган.

“Бүгүнкү күндө жеринде ӨКМдин техникалары жана кызматкерлери тартылып, суу капатаган үйлөрдү ылайлардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатат”, - деп кошумчалады Мамбетов.

Пикир

Оставить комментарий