• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Комендант: Бишкек шаарынын аймагында 5 обсервация иштеп жатат – даректери

Коом 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 5 обсервация иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бишкек шаарынын аймагында 5 обсервация жайы жайгашкан. Алар: Ч. Айтматов проспектиси 93 дарегиндеги "Ак-Кеме" мейманканасы, Улуттук онкологиялык борбору, М.Мамакеев атындагы хирургиялык борбор, Айылчиев 61 дарегиндеги "Garden" мейманканасы жана Фрунзе 428 дарегиндеги жайгашкан "Достук" мейманканасы", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталып, ооругандардын жалпы саны 339 адамга жетет. Алардын ичинен 44 киши коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми беш адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий