• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жыл башынан тарта токойлордо 28 өрт катталган

Кырсык 0

Бишкек, 26.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин токойлордо 28 өрт кырсыгы катталган.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, катталган өрт кырсыктарынын кесепетинен Мамлекеттик токой фондусунун жалпы 155,1 га жер аянты күйгөн, келтирилген зыян 12 млн 962 миң 242,9 сомду түзүп, 47 миң 808 сом өндүрүлгөн.

Белгилей кетчү жагдай, Балыкчы токой чарбасынын Көк-Мойнок токойчулугунда 2023-жылы апрель жана май айларында эки өрт кырсыгы катталып, 42 га жер аянты жабыркап, келтирилген зыян 10 млн 648 миң 260 сомду түзгөн.

Келтирилген зыянды өндүрүү жана өрттүн кесепетин аныктоо максатында, укук коргоо органдарына тийиштүү материалдар өткөрүлүп берилип, бүгүнкү күндө кароодо.

Белгилей кетсек, өрт коопсуздугун алдын алуу максатында токой чарбалары райондук мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттөрү) менен биргеликте өрт өчүрүү үчүн атайын ыкчам топтор түзүлүп, тийиштүү шаймандар менен 41 даана УАЗ авто унаасы даярдалып, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий