• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстанда жыл ичинде курулушу пландалган 100 мектептин 96-сы жакынкы күндөрдө ачылат

Аймак 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл ичинде 96-мектеп ачылууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана тапшырмасы менен өлкө боюнча салынып жаткан 100 мектептин 96-сынын бүтүшүнө саналуу күндөр калды.

“Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Каныбек Осмоналиев атындагы N 109 мектептин заманбап имараты салынып бүтөрүнө саналуу күн калды. Мектептин эски имараты 70 орундуу болсо, жаңы имараты 220 орундуу. Окуу класстары заманбап жогорку технологиялары менен жабдылган”, - деп айтылат маалыматта.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана орун басары Талант Иманакун уулу жеринен инспекция жүргүзүп жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий