• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 400дөй мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган.

Андан тышкары:

  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 64;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 1 миң 61;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 2 мин 342;
  • автоээнбаштык — 4;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо — 3 миң 530;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу — 3;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 миң 558.

Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 1 миң 99 автоунаа айып короосуна киргизилген.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий