• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо - 2” долбоору боюнча 316,6 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 25.11.23. /Кабар/. “Баткен облусуна жеңилдетилген каржылоо - 2” долбоору боюнча 316,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлайт.

Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун максаты - Баткен облусун андан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга жеткиликтүү жана жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү жолу менен мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бул долбоорду ишке ашырууга республиканын 2 коммерциялык банкы катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 350 млн сомду түзүүдө.

2023-жылдын 21-декабрына карата бул долбоордун алкагында Баткен облусунун 358 ишкердик субъекттерине 316,6 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилген.

Белгилей кетсек, Баткен облусун өнүктүрүү жана калкына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, 2023-жылдын 28-августунда министрлер кабинетинин тескемеси чыгып, анда “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо-2” долбоору бекитилген.

Пикир

Оставить комментарий