• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызстанда жыл сайын 20 миң адам пенсияга чыгат - Соцфонд

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын 20 миң адам пенсияга чыгат. Бул тууралуу КТРКнын түз эфиринде Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстанда 689 миң пенсионер бар. Алардын 40%ы пенсияларын "Кыргыз почтасы", ал эми 60%ы банктар аркылуу алышат.

"Ай сайын пенсия төлөөгө 4 млрд сом жумшалса, бир жылда ал сумма 50 млрд сомго жакындап калат", - деди ал.

Ал Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйтүлүп жатканын айтып, кимге канча пенсия кошулары тууралуу ацтып өттү. Анын айтымында, пенсионердин жашоо минимумунан аз пенсия алган адамдардын пенсиясынын базалык бөлүгү (5%га) жана камсыздардыруу бөлүгү (1,07 коэффициенти менен) көбөйтүлүүдө.

Ал эми пенсионердин жашоо минимумунан көп пенсия алган кишилердин пенсиясынын камсыздардыруу бөлүгү гана көбөйтүлөт. Учурда Кыргызстанда пенсионердин жашоо минимуму өлчөмү 4 миң 286 сомду түзөт.

"Ошондо пенсионердин жашоо минимумунан аз пенсия алган адамдарга кеминде 300 сом, ал көп пенсия алган кишилерге кеминде 360 сом кошулат", - деп, ал пенсиянын көлөмү жарандын буга чейин алып жүргөн пенсиясына жараша көбөйтүлөрүн белгилеп өттү.

Ал билдиргендей, пенсия көтөрүлгөндөн кийин өлкө боюнча орточо пенсиянын көлөмү болжол менен 6 миң 61 сомду түзөт.

"Ал так эсептер чыккандан кийин дагы билинет. 2019-жылдын жыйынтыгы менен орточо пенсия 5 миң 786 сомду түзгөн. Бул жерде пенсионерлердин санынын өсүшү да ал сандарга таасирин тийгизип турат. Маселен азыркы тапта Кыргызстанда жыл сайын пенсияга 20 миң адам чыгып жатат. 10 жыл мурда жылына 6-7 миң адам пенсияга чыгып турган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий