• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстанда жыл сайын балдарды эмдөөдөн 12 миңге жакын баш тартуу катталат

Ден соолук 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда жыл сайын балдарды эмдөөдөн 12 миңге жакын баш тартуу катталат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, айрымдары диний көз караштардан улам каршы чыгышса, ата-энелердин 20 пайызы препараттардын сапатынан күмөн санайт. Арасында балдарынын эмдөөдөн өткөндүгүнүнөн кабары жок мигранттар да бар.

"Биз калкты вакцинадан баш тартпоого жана анын убактысын өткөрүп жибербөөгө чакырабыз. Биз бул багытта муфтият менен биргеликте иш алып баруудабыз", - деди ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда Европалык эмдөө жумалыгы старт алды. Иш-чара 24нөн 30-апрелине чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий