• 85.5
  • 92.66
  • 0.88

Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет

Экономика 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстанда жыл соңуна чейин 20 мунай скважинасы ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы менен биргеликте 7 мунай скважинада оңдоо жана даярдоо иштери жүргүзүлүп, 2024-жылдын 25-сентябрынан тартып мунай өндүрүлүп баштады. 2024 жылдын аягына чейин дагы 20 скважина ишке берилет.

Ошондой эле “Кыргыз-Түрк К-НефтьГаз” ААКсы тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районунда өндүрүш кубаттуулугу суткасына 500 тонна мунайды кайра иштетүүчү завод курулушу акыркы этабы аткарылууда.

Нефть өндүрүү жана кайра иштетүү иштеринин башталышы менен 350-400 жумушчу оруну түзүлөт. Инвестициянын жалпы көлөмү 90 млн АКШ долларына жетет.

Белгилей кетсек, Кадамжай районундагы "Түндүк Сох" жана "Чоңгара Галча" мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн 2024-жылдын 9-февралында мунай жана газ өндүрүү үчүн лицензиялык келишим алынган. Ага ылайык, "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы менен "Кыргыз-Түрк К - НефтьГаз" ААКсы мунай өндүрүү жана даяр продукцияны сатуу боюнча биргелешип иштейт.

Пикир

Оставить комментарий