• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстанда зыяндуу чегирткелерге каршы мамлекеттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарында зыяндуу чегирткелерге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, зыяндуу чегирткелер жыл сайын республиканын айыл чарбасына, экономикасына, социалдык жашоосуна потенциалдуу коркунуч туудуруп, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуусуна тоскоолдук жаратып келет.

20-июнга карата жалпы республика боюнча 88 670 га жерге зыяндуу чегирткелерди изилдөө иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда - 42 360 га (Ноокен району - 20 875 га, Сузак району - 7 185 га, Базар-Коргон району - 8 900 га, Аксы району – 4 350 га, Ала-Бука району – 1050 га);
  • Ош облусунда – 15 370 га (Араван району – 10 970 га, Ноокат району – 4 400 га);
  • Баткен облусунда - 19 960 га (Лейлек району – 15 760 га, Баткен району –1 100 га, Кадамжай району – 3 100 га);
  • Чүй облусунда – 7 890 га (Панфилов району – 3 320 га, Жайыл району – 1 820 га, Сокулук району – 1 550 га, Москва району – 1 200 га);
  • Нарын облусунда – 3 090 га (Ат - Башы району – 2 480 га, Нарын району – 310 га, Ак-Талаа району - 300 га).

20-июнга карата 55 531 гектар аянтка өз убагында химиялык иштетүүлөр жүргүзүлдү. Анын ичинен:

  • Жалал-Абад облусунда – 27 420 га (Ноокен району - 13 280 га, Сузак району – 5 190 га, Базар-Коргон району – 5 850 га, Аксы району – 3 100 га);
  • Ош облусунда – 9 500 га (Араван району – 6 800 га, Ноокат району – 2 700 га);
  • Баткен облусунда – 15 150 га (Лейлек району - 11 850 га, Баткен району – 900 га, Кадамжай району – 2 400 га);
  • Чүй облусунда – 2 711 га (Панфилов району – 860 га, Жайыл району – 870 га, Сокулук району – 883 га, Москва району – 98 га);
  • Нарын облусунда – 750 га (Ат – Башы району – 350 га, Нарын району – 200 га, Ак-Талаа району – 200 га).

Пикир

Оставить комментарий