• 88.68
  • 95
  • 0.95

Орхан Инанды расмий түрдө Кыргызстандын чек арасынан өткөн эмес – Бишкек милициясы

Коом 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Азыркы учурда Орхан Инанды жараны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өткөн эмес,-деп билдирет Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматына караганда, Орхан Инанды уурдалгандан учурдан тартып коомдук жайларды, оюн-зоок мекемелерин, мейманканаларды, отелдерди, базар жана соода борборлорун, парк жана токой аймактарын, курулуп жаткан имараттарды, жер төлөлөрдү чердактарды, жаңы имараттарды жана турак-массивдеринде шаар четиндеги калктуу конуштарда жана шаар ичинде кошумча текшерүү менен алектенген ыкчам топ түзүлгөн.

Мындан тышкары, борбордун кире беришинде жана чыга беришинде көчмө жана станционардык посттор орнотулуп, унаалар текшерилүүдө.

Аталган сотко чейинки өндүрүштү тергөөнү Бишкек ИИББ жана КР ИИМдин жетекчилери жеке көзөмөлүнө алышкан.

Эскерте кетсек, «Сапат» кыргыз-түрк лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды 31-майда Бишкек шаарында жоголгон. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пикир

Оставить комментарий