• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте “Сапат” билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголду

Коом 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Бишкекте “Сапат” кыргыз-түрк лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды жоголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 1-июнда саат 04:20да 12-кичирайондо жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында Lexus 470 унаасы табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Унаанын эшиги ачык болгон.

Октябрь РИИБдин №3 милициянын шаардык бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу окуя катталган жерге барышканда Ю.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, атасы Орхан Инанды таап берүүсүн өтүнгөн. Арыздануучунун айтымында, атасы ушул унаа менен жүрчү, акыркы жолу 31-майда кечки саат алтыларда байланышкан.

Азыркы учурда тажрыйбалуу тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган топ түзүлүп, ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнө көрсөтмөлөр жөнөтүлүп, бардык зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жана жаран Орхан Инандын турган жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Айрым маалыматтар боюнча, Түркияда туулган Орхан Инанды “Сапат” билим берүү мекемесинин жана “Ататүрк – Алатоо” университетин негиздөөчүсү деп айтылып жүрөт. Ал Кыргызстандын жарандыгын алгандыгы тууралуу да маалымат бар.

Пикир

Оставить комментарий