• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чүй облусунда чек арачылар үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Бүгүн Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка айылында көп кабаттуу үйдүн пайдубалын түптөө аземи болду.

МЧКнын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдиргендей, иш-чарага КРнын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров, КР Өкмөтүнүн, Куралдуу күчтөр башкы штабынын өкүлдөрү, МЧКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын жеке курамы, чек ара кызматынын ардагерлери катышты.

4 кабаттуу турак үйдүн курулушу КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча баштады. Бул МЧКнын Чүй облустук башкармалыгынын аймагында курулуп жаткан аскер кызматкерлери үчүн 2-үй. Курулуш иштерин ушул жылы август айында бүткөрүү пландалууда.

“Биз бүгүн өлкө жетекчилиги аскер кызматкерлеринин турмуш-тиричилик маселесин чечүүгө өзгөчө маари берип жатканына дагы бир ирет күбө болуп жатабыз. Акыркы 5 жылда МЧКнын аскер кызматкерлери Ош, Бишкек, Баткен шаарларында турак-үйлөр менен камсыз болушту. Үстүбүздөгү жылы Нарын, Талас жана Ала-Букага 24 батирлүү үй куруу пландалууда. Мындан тышкары, быйыл Исфана шаарынын чек арачылары үчүн турак-үйдүн курулушу бүтөт. Аскер кызматкерлеринин социалдык турмуш шартын жакшыртуу жалпы республиканын чек ара коопсуздугун камсыздоонун деңгээлин көтөрүүгө оң таасир этет”,-деди өз сөзүндө КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Уларбек Шаршеев.

Бул жылы Чүй, Нарын, Жалал-Абад жана Баткен облустарында кызмат өтөп жаткан 200 гө жакын чек арачы жана анын үй-бүлө мүчөлөрү жаңы батирлүү болушат.

Пикир

Оставить комментарий