• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандагы 460 мектепке санитардык-гигиеналык каражаттар жеткирилет

Билим 0

Бишкек, 02.04.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ апрель айынын аягына чейин 460 максаттуу мектепке айнек жана пол жуугуч каражаттарды, кир жуугуч жана кол жуугуч самын, чака жана швабра жеткирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

100 миңге жакын баланы жана мугалимди санитардык-гигиеналык шарттар менен камсыздоо үчүн долбоордун алкагында 16 млн сомго (186,4 миң АКШ доллары) материалдар сатып алынган.

«Балдардын ден соолугун камсыз кылуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири гигиенаны сактоо болуп саналат. Өзгөчө мектептер сыяктуу коомдук жайларда. Биз Япониянын өкмөтүнө бул демилгени колдогону үчүн ыраазычылык билдиребиз. ЮНИСЕФ санитардык гигиенаны жакшыртуу боюнча мектептер менен иштешүүнү улантат», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу Кристина Бруджиоло.

Белгилей кетсек, 2022-жылдан бери ЮНИСЕФ Япония Өкмөтүнүн колдоосу менен 460 мектепти 52 млн сомдон (586 000 АКШ доллары) ашык баадагы санитардык каражаттар менен камсыз кылган.

Пикир

Оставить комментарий