Кыргызстандагы адал индустрия жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 8-майында КыР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты адал-продукцияны өндүрүүнүн жана кызмат көрсөтүүнүн укуктук негиздерин аныктоо, адал-продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык атаандаштыкка жөндөмдүү, экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба продукциясын, кайра иштетүү өнөр жайынын продукциясын өндүрүү жана экспорттоо, аларга болгон ишенимди жогорулатуу үчүн базалык шарттарды түзүү болуп саналат.

Бул мыйзам адал индустрияны өнүктүрүү жана адал продукцияга жана аны маркалоого, адал кызматтарды көрсөтүүгө болгон талаптарды аткаруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун укуктук негиздерин белгилейт жана адал индустрия чөйрөсүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.

Аталган мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 2-бөлүгүн кошпогондо, ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий