• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

Кыргызстандагы боор алмаштыруу операциясына көмөктөшкөн түрк дарыгерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. / Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кыргызстандагы боор алмаштыруу операциясына көмөктөшкөн түрк дарыгерлери сыйланды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аларга министр Алымкадыр Бейшеналиев "Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырды.

Кыргызстандык бейтаптарына боор трансплантациясын жасоо үчүн келген Түркиянын Инөнү универстетинин делегациясынын курамындагы сыйлыкка татыган медицина кызматкерлери:

- Волкан Инсе - Боор трансплантациясы институтунун директорунун орун басары, профессор;
- Кемал Барыш Сарыжы - жалпы хирург;
- Дуйгу Демирөз - анестезиолог жана реаниматолог;
- Эмине Эрик - Боор трансплантация институтунун операция бөлүмүнүн медайымы;
- Эже Tаштан - операция бөлмөсүнүн медайымы.

Ошондой эле бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстанда алгачкы ирет ишке ашырылган боор алмаштыруу операциясын жасаган жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, Инөнү университетинин Тургут Өзал атындагы медициналык борборунун Боорду трансплантациялоо институтунун башкы директору Сезай Йылмазга, башкы дарыгери Адил Башкыранга жана “Кыргыз Эл Биримдик” коомунун аткаруучу төрагасы Аманбай Өмүрзаковго Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий