Кыргызстандагы Яндекс мектебинин бүтүрүү аземи: IT-келечекке карай жол

Бизнес 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Жакында Бишкекте Яндекс программалоо мектебинин бүтүрүү аземи болду. Бул долбоор жогорку класстын окуучуларына программалоонун негиздерин акысыз окуп үйрөнүүгө жана талап эң жогору болгон тармакта өз көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берди. Жети ай ичинде окуучулар бүткүл өлкө боюнча Python программалоо тили менен тынымсыз окушту. Курсту 23 окуучу ийгиликтүү аяктады.

"Биздин программа жана өнөктөштөрүбүз окуучуларды сапаттуу билим менен камсыз кылуу, алардын шык жөндөмүн жана талантын өнүктүрүүгө жардам берүү, ошондой эле аларды IT тармагында келечектүү жана квалификациялуу адистер катары мындан ары калыптандыруу жана өнүктүрүү үчүн негиз түзө аларын далилдешти. Аянтчалардын окуучулары жакшы жетишкендикти жана окууга кызыкдарлыгын көрсөтүүдө. Андыктан бүгүн биз программаны ийгиликтүү аяктаган балдарды куттуктоо үчүн чогулдук", — деп белгиледи Кыргызстандагы Yandex Go компаниясынын директору Тилек Сулайманов.

Долбоор алкагында Бишкекте үч аянтча: №75 мектеп-лицейинде, №102 мектепте, Санариптик инновациялар академиясында ишке киргизилген.

№75 мектеп-лицейинин директору Айнура Эрмекова, Яндекс программалоо мектебинин бүтүрүүчүлөрү өлкөнүн өнүгүүсүнө олуттуу салым кошо турганын белгиледи.

"Жети ай ичинде балдар тажрыйбалуу мугалимдердин жетекчилиги алдында тынымсыз окушту. Сабактар дээрлик сутка бою өтүп турду жана мугалимдер өздөрүн таланттуу педагогдор катары көрсөтүштү. Окутуу убагында алган билимдери жана көндүмдөрү балдарга келечекте жардам берет деп ишенем", - деди Айнура Эрмекова.

Программалоо мектеби –программалоо жана так илимдерге кызыккан жогорку класстардын окуучулары үчүн Яндекстин акысыз билим берүү долбоору. Кыргызстанда долбоор Яндекс Go компаниясынын колдоосунда ишке ашырылып келет. Бүтүрүүчүлөр Google, Facebook жана Huawei сыяктуу IT-компаниялар өткөргөн эл аралык ири хахатондорго жана олимпиадаларга, WorldSkills Juniors уюмунун ишине ийгиликтүү катышып, профилдик жогорку окуу жайларга, анын ичинде, чет өлкөлөрдүн окуу жайларына тапшырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий