• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстанга суюлтулган газды жеткирүүдө жаралган көйгөйлөр тууралуу маалымат берилди

Экономика 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май рыногундагы учурдагы кырдаал, анын ичинде суюлтулган көмүр-суутек газын жеткирүүдө жаралган көйгөйлөр тууралуу маалымат берди.

Өлкөдөгү суюлтулган көмүр-суутек газына байланышкан абалдын жаралышына Россиянын темир жол цистерналарынын жетишсиздиги негизги себеп экендиги айтылды.

Экинчиден, Кыргызстанда баалардын олуттуу айырмачылыгынан улам суюлтулган көмүр-суутек газын керектөөнүн өсүшү акыркы жылдары бир нече эсеге өскөнү да өз таасирин тийгизди.

“Мындан тышкары, Россиянын түштүгүндө мунайды кайра иштетүүчү ири заводдор дрондордун чабуулдарына дуушар болгон, буга байланыштуу айрым заводдор өз ишин токтотушкан, бул дагы белгилүү бир өндүрүлгөн көлөмдөрдүн төмөндөшүнө жана күйүүчү-майлоочу майларга биржалык баалардын өсүшүнө алып келди”, - деп белгилешти Нефтетрейдерлер ассоциациясынан.

Ошондой эле Россиядагы активдүү туристтик сезон дагы өз кедергисин тийгизип жатат. Анткени россиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордун бардык күч-аракеттери, биринчи кезекте, ички суроо-талапты камсыз кылууга багытталган.

Ушундай эле көйгөйгө коңшу мамлекеттер – Өзбекстан, Тажикстан да туш болушту. Аталган мамлекеттерден айырмаланып, мунайзат өндүргөн өлкө болгон жана күйүүчү-майлоочу майлар боюнча ички керектөөлөрдү өз алдынча камсыз кылган Казакстан дагы бүгүнкү күндө бензин жана суюлтулган көмүр-суутек газынын тартыштыгына кабылууда.

Inform.kz маалымдагандай, Казакстандын энергетика министрлиги суюлтулган газдын өндүрүлүшүнө карабастан, анын жетишсиздигинин өсүп жатышын тастыктаган. Ай сайын Казакстанда ички рынокту камсыздоого 130 миң тонна газ өндүрүлөт. Бирок ошол эле маалда бир айда казакстандыктар 165 миң тонна газ керектейт. Мында ай сайын 35 миң тонна газ жетишсиздиги байкалууда.

"Кыргызстандын нефтетрейдерлер компаниялары өлкөгө мунай азыктарын альтернативдүү ташуучуларын издөө боюнча жумушту туруктуу түрдө алып барышат. Бирок, мында Россиядан күйүүчү-майлоочу майлардын ташуулары экспорттук алымды төлөөсүз, башкача айтканда, дүйнөлүк баалардын деңгээлинен арзандатуу менен жүзөгө ашырыларын эске алуу керек.

Башка бир дагы өлкө Кыргызстанга ушундай жеңилдиктерди көрсөтпөйт. Потенциалдуу башка ташуучулар болгон Түркмөнстан, Иран, Азербайжан мунай азыктарын дүйнөлүк баалар менен сатат же экспорттук алымдарды төлөөнү талап кылат (Казакстан). Буга байланыштуу, алардын сунуштары экономикалык жактан пайдалуу жана Россияга салыштырмалуу атаандаштыкка туруктуу болуп эсептелбейт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий