• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

М.Абулгазиев: 2017-жылы айыл чарбасында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого басым жасалат

Экономика 0

Бишкек, 15 -февраль /Кабар/. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы-талаа жумуштарына даярдыкты жогорку деңгээлде жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы өкмөт айыл чарбасын каржылоо долбоору боюнча фермерлерге 4 млрд 800 млн сом кредит берген. Ушундан улам өлкө өткөн жылы жакшы натыйжаларга жетише алды. Республика боюнча 1 млн 191,2 миң гектар жер иштетилди. 2016-жылдын жыйынтыгында күрүчтүн, пахтанын, кант кызылчасынын, жүгөрүнүн, картөшкөнүн түшүмдүүлүгү жогорулады. Өткөн жылы 197 млрд сом дүң продукция өстүрүлдү. 2015-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 103%ды түздү.

"Быйыл да азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында жазгы-талаа жумуштарына даярдык жогорку деңгээлде жүргүзүлүүдө. 1 млн 203,6 миң га жерге үрөн себилет. Быйыл 2016-жылга салыштырмалуу 11 миң га жер көп иштетилет”,-деди М.Абулгазиев.

Пикир

Оставить комментарий