• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандагы китепканаларда балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөт

Коом 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Кыргызстандагы 50 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлору түзүлөт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, аймактарда балдардын интеллектуалдык жактан өнүгүшү үчүн борборлор жайгашкандай кылып китепканаларды кайра форматтоо мерчемделип жатат.

Президент балдарды колдоо демилгелерин кубаттап, адамдын, коомдун жана жалпы эле өлкөнүн ар тараптуу өнүгүшүндө маданияттын өэгөчө ордун белгиледи. Өлкөнүн маданий мурастарын сактоонун жана арттыруунун зарылдыгын баса белгилеп, маданият чөйрөсүнө мамлекет тарабынан мындан ары дагы чоң көңүл бурула тургандыгын айтты.

Пикир

Оставить комментарий