• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандагы мектептерде дээрлик 1,5 млн бала билим алат

Билим 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2 377 мектепте 1 млн 491 миң бала билим алат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик жана муниципалдык мектеп, калган 204ү жеке менчик мектеп болуп саналат.

"Жыл башынан бери мектептердин саны 27ге көбөйгөн. Эгерде мындан 10 жыл мурда өлкөдө 1 млн окуучу билим берүүгө тартылса, азыр окуучулардын саны 1 млн 491 миңди түзөт. Учурда Бишкек шаарынын аймагында ички миграциянын жана төрөлүү динамикасынын көптүгүнө байланыштуу класстарда балдардын санынын жыштыгы белгиленүүдө", - деди Кендирбаева.

Пикир

Оставить комментарий