• 86.99
  • 93.47
  • 0.98

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн үлгү - ТүркПАнын миссиясы

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо Түрк тилдүү мамлекеттер үчүн үлгү. Бул тууралуу ТүркПА миссиясынын башчысы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын депутаты Исмет Учма маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, демократиянын деңгээли боюнча Кыргызстан эркиндик принциби 200-300 жылдан бери калыптанып келе жаткан өлкөлөрдү артта калтырды.

"Биз Кыргызстандагы парламенттик шайлоо өттү деп эсептейбиз. Шайлоо учурунда коопсуздук жана социалдык аралык сакталды. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шарт түзүлдү", - дейт ал.

Исмет Учма жарандар парламенттик шайлоону олуттуу кабыл алышкандыгын белгиледи. "Шайлоодо добушту саноодо автоматтык эсептөөчү урна болгонуна оң баа бердик", - деп кошумчалады Учма.

Пикир

Оставить комментарий