• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстандагы жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча долбоор ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын кызматтарын өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарынын муниципалитеттери калкты таза суу менен камсыздоо, таштанды чыгаруу, көрктөндүрүү жана бош убакытты өткөрүү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу боюнча иш алып барышат.

Долбоор айыл өкмөтү жана мэрия кызматкерлерин окутуу, юридикалык кеп-кеңештерди берүү жана алдыңкы тажрыйбаларын колдонууга үгүттөө аркылуу алардын башкаруу ыкмаларын жакшыртууга багытталган. Долбоордун негизги максаттарынын бири – муниципалитеттерге экономикалык жактан негизделген тарифтерди киргизүү, кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүк түзүү жана маалымат технологияларды колдонуу аркылуу алардын кызматтарын каржылык жактан туруктуу кылууга жардам берүү. Муниципалитеттер мындай ыкмалар менен өз бюджеттерин кеңейтип, жергиликтүү жамааттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн көбүрөк кызматтарды сунуштай алышат.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууда чоң роль ойнойт. Алар бала бакча, суу, таштанды чыгаруу сыяктуу көптөгөн маанилүү кызматтар үчүн жоопкерчилик алышкан. Мындай кызматтардын сапаты Кыргызстандын ар бир жаранынын күнүмдүк жашоосуна таасирин тийгизет. Ошондуктан USAID бул кызматтарды жакшыртууда көмөктөшөт”, - деди USAIDдин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кит Симмонс.

Долбоордун дагы бир негизги максаты - муниципалитеттердин жоопкерчилигин күчөтүү. Долбоор жарандардын жергиликтүү кызматтардын сапаты боюнча пикир калтырышына жана жергиликтүү бюджеттерге мониторинг жүргүзүүдө активдүү болушуна шарт түзөт.

«Биз муниципалитеттер кызмат көрсөтүүдө потенциалын жогорулатуу үчүн колдоо жана кеңештерге муктаж экенин көрүп турабыз. Ошондуктан, биз башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана элдин турмушун жакшыртууга багытталган кызматташууну кубаттайбыз. Ал өз кезегинде региондордун кеңири өнүгүшүнө өбөлгө болот», - деди КР Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Жантаев.

Долбоор мурунку «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоордун жетишкендиктерине негизделет. 2016-жылдан бери «Ийгиликтүү аймак» долбоору өлкө боюнча 50 айылдык жана шаардык муниципалитеттерде жергиликтүү кызматтарды жакшыртууга жардам берди. Жыйынтыгында 31 миңден ашуун жаран ичүүчү таза суу менен камсыз болуп, 23 миңге жакын тургун таштанды чыгаруу боюнча жакшыртылган кызматтарды алышты, ал эми беш муниципалитеттин көчөлөрүнө жарыктандыруу орнотулуп, коопсуздугу жогорулады.

“Ийгиликтүү аймак 2” долбоору USAID тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Бул төрт жылдык демилгенин жалпы бюджети 4,9 млн АКШ долларын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий