• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын эпидемиологиялык өсүшү байкалууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын эпидемиологиялык өсүшү байкалууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын биринчи учуру катталгандан бери үч эпидемиологиялык өсүш болду: оорунун биринчи өсүшү 2020-жылдын июль айында байкалган, анда бир суткада 1654 учур катталган, 2020-жылдын ноябрында бир суткада 606 учур аныкталган. 2021-жылдын апрелинен бери COVID-19га чалдыккандардын саны 1 965 учурга жетип, үчүнчү жолу өскөн.

Ушул тапта өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга күн сайын жүргүзүлгөн мониторинг боюнча акыркы 12 күндө илдеттин жогорку өсүшү байкалууда, бул төртүнчү толкундун башталышы тууралуу айтып турат. Акыркы 3 күндө оорунун күн сайын өсүшү 30% түзгөн, ошол эле учурда соңку күндөрү катталган учурлардын 60%ында оору жеңил жана белгилери билинбеген түрдө өтүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 12-январына карата COVID-19 пандемиясы башталгандан бери жалпысынан 186 миң 878 учур катталган, алардын ичинен 127 миң 539 (68,2%) лабораториялык-тастыкталган, 59 миң 339 (31,8%) клиникалык-эпидемиологиялык ырасталган. Аймактар боюнча оорунун жогорку көрсөткүчү Бишкек (100 миң адамга 89,9), Ош шаарларында (100 миң адамга 29,1) байкалат, бул республикалык көрсөткүчтөрдөн 4,2 жана 1,3 эсе жогору.

Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Улуттук вирусологиялык референс-лабораториясы тарабынан жалпысынан 2021-жылдын 25-декабрынан 2022-жылдын 5-январына чейин аныкталган 165 оң жыйынтык берген үлгүлөр даярдалды. Жогорку вирустук жүктөмдүү үлгүлөр тандалып алынган жана Улуттук фтизиатрия борборунун референс-лабораториясына секвенирлөөгө жөнөтүлгөн. Жүргүзүлгөн секвенирлөөнүн алдын ала маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасында 2 изоляттан “омикрон” штаммдары табылган, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарга таандык.

Пикир

Оставить комментарий